Үч айда Бишкекте 4 бала эркиндигинен ажыратылды

Коом Загрузка... 30 Июнь 2025 21:01
1057295.345a29393df8444ece0ade3e42264557 (1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-кварталында Бишкек шаарынын жергиликтүү соттору тарабынан 27 балага карата 19 кылмыш иши каралган. Анын ичинен 4 бала эркиндигинен ажыратылган. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер боюнча эркиндигинен ажыратуу жазасы өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн гана колдонулган.

Бирок Кылмыш-жаза кодексинин талаптарынын негизинде балдардын кылмыш жасоосу жеңилдетүүчү жагдай деп табылат. Максималдуу жаза - эркиндигинен ажыратуу 10 жылдан ашык мөөнөткө дайындалышы мүмкүн эмес.

Мындан тышкары, 16 балага карата пробациялык көзөмөл дайындалып, 1/1 айып салынган. Аталган балдарга карата ыйгарым укуктуу органдар так жана кынтыксыз иш алып барууда.

5 балага карата жабырлануучу тарап менен жарашууга келишкен үчүн кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.