Бишкек, 20.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын U-17 кыздар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын - CAFA U-17 Women’s Championship эл аралык мелдешинде 3 турдук беттеш өткөрүп, тарыхта биринчи жолу алтын медалдарды утту. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык футболчулар 19-сентябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн жыйынтыктоочу турда Тажикстандын курама командасын 2:0 эсебинде жеңип, мелдештин чемпиону аталды. Голдорду Перизат Заирбекова 17-мүнөттө, Акак Ишембиева 74-мүнөттө киргизген.
Кыргызстандын курама командасы мелдештин алгачкы эки турунда да ийгиликтүү оюн көрсөттү. Атап айтканда, Иранды 2:1 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 0:0 эсебинде тең чыкты.
Жыйынтыгында кыргызстандык футболчулар 7 упай топтоп, турнирдик жадыбалдын сап башына чыкты. Иран 6 упай менен экинчи, Өзбекстан 4 упай менен үчүнчү орунду ээледи. Тажикстандын спортчулары упай топтой алган жок.
Белгилей кетсек, CAFA U-17 Women’s Championship мелдешине Кыргызстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын кыздар курама командалары катышты.
Ошентип, Кыргызстандын U-17 кыздар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын мелдештеринде өлкөнүн курама командаларынын тарыхындагы алгачкы алтын медалды жеңип алып, чемпион аталды.