Быйыл 3-8-класстар 12 жылдык билим берүү программасына өтөт

Билим 17 Февраль 2026 17:35
635771628_1356929363147471_7146627027272703970_n.jpg
635556002_1356929129814161_4966756321641282009_n.jpg
636941383_1356929333147474_5746566007277271981_n.jpg
637632364_1356929313147476_7819600170460994446_n.jpg
638767397_1356928413147566_2636552459834666929_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бүгүн Агартуу министрлигинде 2026-2027-окуу жылына карата базистик окуу планы талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Талкууга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, орун басары Надира Жусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева жана башкалар катышты.

Талкуу учурунда 3-8-класстар 11 жылдык программадан 12 жылдык билим берүү программасына өтөөрү, ушул класстардагы сааттардын жана сабактардын өзгөчөлүгү жана интеграциялоо маселелери каралды.

Ошондой эле 12 жылдыкка өтө турган класстар үчүн окуу китептерин даярдоо маселеси жана окуу пландарын жаңылоо сунуштары талкууланды.