Бюрократиядан арылуу. Жарлыктын максаты - маморгандардагы фунциялардын эффективдүүлүгүн аныктоо

Коом Загрузка... 08 Июнь 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-06-05 at 13.11.11.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 08.06.25 /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” жарлыгынын негизги максаты маморгандардагы аткарылып жаткан фунциялардын эффективдүүлүгүн аныктоо жана жарандардын мамлекеттик кызматтарды пайдалануусун жеңилдетүү. Бул тууралуу президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” көрсөтүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, жарлыкты ишке ашырууда атайын мониторинг жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Комиссия жогорудагы жарлыкты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматты дайым карап жана дыкат көзөмөлдөп турат.

“Биз алгач мамлекеттик ведомстволордо аткарылып жаткан функциялар бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде маанилүү жана актуалдуу экенин аныктап алышыбыз керек. Мисалы, Улуттук статистикалык комитетин алалы. Санариптештирүү доорунда мүмкүнчүлүктөр абдан кеңири тарап жатат. Мындан улам Улуттук статистикалык комитеттин айрым функциялары кереги жок болуп калды. Тагыраагы, аймактык отчетторду жерине барып текшерүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени, алар түздөн-түз борбордук апаратка келип, ушул эле жерде текшерүү жүргүзүлүп, анализ жасалып жатат. Дал ушундай өңүттө иш алып барып жаткан маморгандары көп эле. Алар эч качан бул маселени өз ыктыяры менен көтөрүп чыгышпайт экен. Мындан улам бизге алар менен иш алып барууга атайын комиссия түзүүгө туура келди”,-деди ал.