Бюрократиядан арылуу. Мониторинг жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү

Министрлер кабинети Загрузка... 20 Март 2025 12:11
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.47.00.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” КР президентинин жарлыгынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Комиссия жогорудагы жарлыкты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматты дайым карап турат.