Оштун Кара-Суу районундагы зилзаладан жабыркаган турак жайлардын абалы аныкталууда

Аймак 20 Март 2025 11:49
484985209_1079746577532419_1505134101983295850_n.jpg
485181615_1079746580865752_8214834155191656059_n.jpg
485353740_1079746647532412_3672728296759356226_n.jpg
Алдыга
Артка
484985209_1079746577532419_1505134101983295850_n.jpg
485181615_1079746580865752_8214834155191656059_n.jpg
485353740_1079746647532412_3672728296759356226_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Оштун Кара-Суу районундагы зилзаладан жабыркаган турак жайлардын абалы аныкталууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда 2025-жылдын 12-мартында болгон зилзаладан жабыркаган социалдык объекттердин жана жарандардын турак жайларынын абалдарын аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия иш жүргүзүүдө.

Белгиленгендей, комиссия 24-мартка чейин иштейт. Комиссиянын ишине Билим берүү жана илим министрлигинен мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев катышууда. Комиссиянын кезектеги отуруму 19-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өткөрүлдү.