Бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү: План ашыгы менен аткарылды

Министрлер кабинети 7 октябрь 2026 11:55
Бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү: План ашыгы менен аткарылды

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинин башчысы 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгү жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатканын белгиледи.

"Республикалык бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түздү, бул пландалган көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго көп. План 103,9%га аткарылды. Мамлекеттик салык кызматы чогулткан киреше 259,8 млрд сомду түздү, план 103,6%га аткарылды. Мамлекеттик бажы кызматы чогулткан киреше 139,0 млрд сомду түздү, план 104,6%га аткарылды. Жыл аягына чейин оң динамиканы сактоо менен бирге бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын, ошондой эле каралган каражаттардын өз убагында жана натыйжалуу өздөштүрүлүшүн камсыз кылуу зарыл", – деди ал.

Адылбек Касымалиев эл аралык Moody's рейтингдик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингинин B3 деңгээлинен B2 деңгээлине, "туруктуу" болжолу менен көтөрүлүшү жүргүзүлүп жаткан экономикалык жана финансылык саясатка берилген маанилүү баа экенин баса белгиледи.

"Moody's агенттиги биздин өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн жана диверсификацияланышын, жан башына ИДПнын көбөйүшүн, масштабдуу инфраструктуралык инвестицияларды жана мамлекеттик финансынын чыңдалышын, ошондой эле мамлекеттик карыздын ИДПга карата төмөндөшүн белгиледи.
Рейтингдин жогорулашы Кыргызстанга болгон эл аралык инвесторлордун ишенимин бекемдейт жана өлкөгө узак мөөнөттүү каржылоону тартуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", – деди ал.

Минкаб башчысы Кыргыз Республикасына түз чет элдик инвестициялардын агымы быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 709,9 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26,2%га өскөнүн кошумчалады. Инвестициялар иштетүү өнөр жайында 21,3%га, пайдалуу кендерди казууда 7,1%га, дүң жана чекене соодада 57,6%га, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда 5,9%га, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте 17,7%га, маалымат жана байланышта 19,5%га өскөн.

"Улуттук инвестиция агенттиги түз чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча ишти күчөтүшү керек. 2026-жылдын январь-июнь айларында эс алгандардын саны 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1,4 эсеге көбөйүп, 1,9 млн адамды түздү. Туризм чөйрөсүндө түзүлгөн дүң кошулган нарк алдын ала баалоо боюнча 34,1 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26,7%га өстү. Чет элдик туристтерди тартуу, алардын өлкөдө болуу мөөнөтүн узартуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү зарыл. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга, кышкы сезонго даярдык көрүүгө, автомобиль жолдорунун абалына жана Кыргызстандын кышкы туризм потенциалын эл аралык рыноктордо илгерилетүүгө өзгөчө көңүл буруу керек", – деп ал профилдик органдарга тапшырма берди.

Ошондой эле жерлерди трансформациялоо процессине мамлекеттик көзөмөл маселесин көтөрдү. Анын айтымында, республиканын райондорунда 67 миң гектардан ашык жер трансформацияланган, анын 24 миң гектары толук көлөмдө пайдаланылбай жатат. Жыйынтыгында ал тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына ар бир трансформацияланган жер участогун санариптик каттоого алууну, жер саясатын катуу көзөмөлгө алууну жана трансформацияланган жерлерге толук инвентаризация жүргүзүүнү тапшырды.