Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. Учурда мамлекеттин эсебинен 4 миң 714 бейтап бөйрөктү алмаштыруучу терапия — гемодиализ кызматын алып жатат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бюджеттик гемодиализ программасы медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде ишке ашырылат. Бейтаптарды программага киргизүү үчүн арыздар атайын комиссия тарабынан жума сайын каралат. Ар бир жумада орто эсеп менен 15тен 25ке чейинки жаңы кайрылуу талкууланат.
Комиссиянын чечими оң болгон учурда бейтап маалымат базасына киргизилип, бош орундар болсо каалаган медициналык борбордон гемодиализ кызматын ала алат.
Бейтаптар адатта жумасына үч жолу гемодиализ процедурасынан өтүшөт. Бир процедуранын акы төлөнүүчү наркы 6 миң 500 сомду түзөт. Бирок бюджеттик программага кирген бейтаптар үчүн бул кызмат мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.