Бюджет триллионго жакындады: Эксперттер жыл жыйынтыгын кандай божомолдойт?

Аналитика 7 октябрь 2026 18:30
Бюджет триллионго жакындады: Эксперттер жыл жыйынтыгын кандай божомолдойт?

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети акыркы эки жылдагыдай эле быйыл да 1 триллион сомдук чекке жетиши мүмкүн. Эксперттик коомчулук республикалык бюджеттин алгачкы тогуз айдагы жыйынтыгын талкуулап жатат. Жыл башынан бери казына дээрлик 22,7 миллиард сомго ашык аткарылып, жалпы киреше 608 миллиардды түздү. Ошондой эле инвестициянын агымы көбөйүп 709 млн доллардан ашты. Бул арада өлкө экономикасын кеңейтүүгө жагымдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот. Эл аралык абройлуу рейтинг агенттиги Кыргызстанды жаңы деңгээлге көтөрдү.

Акыркы беш жылдагы эң негизги өзгөрүү экономикалык өсүш экени жөн жерден эмес. 2021-жылдан 2025-жылга чейин өлкө экономикасы дээрлик 47 пайыз өсүп, Кыргызстан өсүү ыргагы боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн үчилтигине кирген. ИДП өткөн жылы 11 пайыздан ашып, бул көрсөткүч быйыл да ылдыйлаган жок. Эң негизгиси, бул өнүгүү мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө, ал эми мүмкүнчүлүктөр көзгө көрүнгөн иштерге, турмушта колдонула турган объектилерге айланууда.

Алсак, 2025-жылы өлкө боюнча 341 инфраструктуралык обьект ишке берилсе, 2026-жылдын ушул мезгилине чейин 100дөн ашык социалдык жана 60 өндүрүш ишканасы ачылды. Булардын эң ирилери – “Бишкек Арена”, “Ырыс Ордо”, Талас жана Ысык-Көлдөгү чоң объекттер.

Быйыл, 2026-жылы бюджеттин кирешеси биринчи жарым жылдыкта эле 22 миллиард сомго ашык аткарылып, 454 млрд сомду түзгөн. Тогуз айындагы жыйынтыктары да жаман эмес. Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси 608,1 миллиард сомду түзүп, пландагандан 22,7 миллиард сомго көп болду. Анын 259,8 миллиард сому Мамлекеттик салык кызматынан, ал эми 139 миллиарды Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн. Эми жыл аягына чейин кирешенин өсүшүн ушул ыргакта сактап, бюджеттик каражаттарды өз убагында жана натыйжалуу пайдалануу зарылдыгы турат.

Кыргызстан учурда 2026-жылга карата республикалык бюджеттин жана 2027-2028-жылдарга карата пландык мезгилдин алкагында иш алып барууда. Бул планга ылайык бюджет кирешелерди өстүрүүгө, профицитти сактоого, инфратүзүмдүк долбоорлорго масштабдуу салымдарды жүргүзүүгө багытталышы керек. Ага ылайык 2026-жыл үчүн республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 551,2 миллиард сом, ал эми чыгымдары 550,8 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. Профицит 436,4 миллион сомду түзүшү керек.

Салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө ишкердикти расмий экономикага чыгаруу жана экономикалык активдүүлүктүн жогорулашы өлкө бюджетинин кирешесинин өсүшүнө негизги өбөлгө түзүүдө. Экономист Искендер Шаршеев бул факторлор салык жана бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүн камсыздап, казынанын туруктуу толушуна шарт түзүп жатканын белгиледи.

“Тогуз айдын жыйынтыгында республикалык бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомго жеткенин эске алганда, 2026-жылдын аягына карата жалпы бюджеттин кирешеси 780–820 млрд сомдун чегинде болушу мүмкүн деп эсептейм. Негизги сценарий боюнча болжолум 800 млрд сомго жакын. Бирок бул калган үч айда кирешелердин учурдагы темпи негизинен сакталган шартта ишке ашат.
Бюджеттин кирешесинин өсүшүнө экономикалык активдүүлүктүн жогорулашы, салык жана бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшү, ошондой эле салыктарды чогултууну жакшыртуу жана көмүскө ишкердикти расмий экономикага чыгаруу өбөлгө түзүп жатат.
Ошол эле учурда тогуз айдагы орточо айлык түшүүлөрдү жылдын калган мезгилине түз жайылтуу так жыйынтык бербейт. Сезондук өзгөрүүлөрдү жана бир жолку ири түшүүлөрдүн таасирин да эске алуу зарыл. Тышкы сооданын басаңдашы, алтындын жана башка чийки заттардын баасынын өзгөрүшү кирешелердин өсүшүн чектеши мүмкүн. Ошентсе да азыркы көрсөткүчтөр жылдык жыйынтык жогору болорун күтүүгө негиз берет”, - деди Искендер Шаршеев.

Ал эми чет элдик түз инвестициялардын агымына келе турган болсок анын жалпы көлөмү 2025-жылы 950 млн доллар болчу. 2026-жылдын биринчи жарымында эле бул көрсөткүч 709,9 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2%га өскөн. Чет элдик капитал негизинен өндүрүш, тоо-кен, соода, каржы сектору, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк, ошондой эле маалымат жана коммуникация тармактарына келген.

Кыргызстандагы экономикалык өсүш жана инвестициялардын агымы катардагы жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга кызмат кылган негизги кыймылдаткыч күч болуп саналат. Экономика илимдеринин доктору Чолпон Алкадырова ички жана тышкы инвесторлор экономиканы алдыга сүйрөй турган негизги механизм экенин эскертип, алар үчүн эң башкысы, салынган каражаттын коопсуздугу жана киреше алып кетүү кепилдиги экенин белгиледи.

“Президент Садыр Жапаров Корея, АКШ сыяктуу өлкөлөрдө Кыргызстандагы ири инвестициялык долбоорлорду жигердүү жарнамалап, чет элдик капиталды чакырууда. Ири каржы жана тажрыйба менен келген тышкы инвесторлор каалаган кырдаалда ишенимдүү иштеши үчүн мамлекет тарабынан туруктуу шарттар жана бекем кепилдиктер түзүлүшү зарыл.
Рынокто баалар көтөрүлгөнү байкалганы менен бул процесс экономиканы жандандырып, жаңы жумуш орундарын түзөт жана жаңы киреше булактарынын пайда болушуна жол ачат. Инфляцияны жөнгө салуу жана анын калкка тийгизген таасирин азайтуу үчүн Улуттук банк өз функциясын так аткарып, баалардын кескин жогорулашын ооздуктоосу зарыл. Ошол эле учурда жарандардын айлык акыларын, пенсия жана жөлөк пулдарды жыл сайын баалардын өсүш деңгээлине жараша индексациялап туруу маанилүү. Бул кадам калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактап, карапайым элге залакасы тийбей, тескерисинче, пайда алып келүүсүн камсыздайт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда да айлык акылардын көбөйүшү жана ишкерлердин кирешелеринин өсүшү ушул багыттагы алгачкы кадамдардан болуп саналат. Мындан сырткары, өлкөгө сырттан мигранттардын жана жумушчу күчүнүн келе башташы - мамлекеттин экономикалык жагымдуулугу артканынан жана алдыга жылуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенинен кабар берет.

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети акыркы эки жылдан бери катары менен 1 триллион сомдук тарыхый босогодон ашып келет. Бул тенденция быйыл да кайталанышы толук мүмкүн. Анткени мамлекеттик казынага негизги акчалар салык төлөмдөрүнөн түшөт. Ал эми салыктык негизги чегерүүлөр, адатта, фискалдык жылдын акыркы чейрегинде жигердүү жыйнала баштайт. Бул сезондук өзгөчөлүктү эске алганда, калган 3 айдын ичинде бюджеттин кирешеси 1 триллион сомдук көрсөткүчкө оңой эле жетет”, - деди Чолпон Алкадырова.

Экономиканы кеңейтүүгө дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк ачылды. Эл аралык Moody's рейтинг агенттиги тарабынан Кыргызстандын эгемендүү кредиттик рейтинги туруктуу келечек менен В3төн В2ге көтөрүлдү. Бул өлкөгө узак мөөнөттүү каржылоону тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.