Былтыр окуучулар арасында кургак учуктун өсүшү байкалды

Ден соолук Загрузка... 24 Март 2026 14:42
abdullat.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында кургак учук менен ооругандардын санынын өсүшү байкалган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкө боюнча 145 өспүрүм кургак учук менен ооруган болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 156ны түзгөн.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча өспүрүмдөр арасында оорунун өсүү тенденциясы байкалууда. Бул маселе көптөгөн эл аралык конференцияларда көтөрүлүп, саламаттыкты сактоо өкүлдөрү менен окумуштуулар муну өспүрүм курактагы эндокриндик жана иммундук системанын кайра түзүлүшү менен байланыштуу деген жыйынтыкка келишти. Биз билгендей, ооруну жуктуруп алуу коркунучуна бардык адамдар, өзгөчө иммунитети начарлар дуушар болушат", - деп түшүндүрдү Абдуллаат Кадыров.