Былтыр өлкөдө жаңы 347 бала бакча ачылды

Билим Загрузка... 10 Февраль 2026 11:25
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. 2025-жылы өлкөдө мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2 344 бала бакчада 51 пайызды, же 3-5 жаштагы 320 миң 13 баланы түздү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, алардын 490у жеке менчик бала бакчалар. Бала бакчалардын саны 2024-жылга салыштырмалуу 347ге көбөйдү.