Былтыр өлкөдө 30 жаңы МТС жана 59 айыл чарба кооперативи түзүлдү

Экономика
Былтыр өлкөдө 30 жаңы МТС жана 59 айыл чарба кооперативи түзүлдү
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. 2024-жылы 30 жаңы машина-трактордук станция жана 59 айыл чарба кооператив түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.

Министрликтин беш артыкчылыктуу багыттарынын бири - кайра иштетүү өнөр жай, кооперация жана МТС. Бул тууралуу министрликтин жылдык коллегиясында айтылды. 

Кайра иштетүү өнөр жай: Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгы менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай тармагында 87 млрд 359 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлдү, же 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 млрд сомго көп өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) – 120,1 пайызды түздү. 

2024-жылдын январь-декабрь айларында соода-логистикалык борборлордун саны 34 түзүп 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 бирдикке көп. 

Айыл чарба механизациясы: 2024-жылдын январь-декабрь айларында бардыгы болуп 1193 айыл чарба техникалары 4 млрд 600 млн сомго лизингге берилди, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 техникага, же 290 млн сомго көп берилди. 
МТС: 30 жаңы машина-трактордук станция (МТС) жана 59 айыл чарба кооперативи түзүлдү. 

Тамчылатып сугаруу системасын орноткон субъекттердин саны 806 бирдикке жетип, алардын ээлеген аянты 1 321 га түздү. Күнөскана чарбалардын саны 1 796 бирдикке жетип, ээлеген аянты 282 га түздү.