Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Тез тамактануучу жайлардан (фастфуд) тамактанганда кантип коопсуздукту сактоо керектиги тууралуу "Биринчи радиодогу" түз эфирде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин дарыгери Назгүл Абамуслимова жана Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун дарыгери Үмүт Сатыбалдиева айтып берди.
Кооптондурган статистика
Адистердин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 232 тамак-аштан уулануу учуру катталып, андан 580 адам жабыркаган. Анын ичинен 11 учур — массалык уулануу (5тен ашык адам жабыркаган), анын бешөө тез тамактануучу жайларда болгон.
Эң чуулгандуу окуялардын бири 15-январда Бишкекте катталды: "Даамдуу" түйүндөрүнөн шаурма жегенден кийин 24 адам ууланган. Учурда ал жай жабылып, мөөр басылган, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Эмне үчүн фастфуд кооптуу болуп саналат?
Дарыгерлер фастфуд тамактары эпидемиологиялык тобокелдиги жогору болгон азыктардан даярдаларын белгилешти. Алар көптөгөн ингредиенттерден — эт, жашылча, чөптөр жана соустардан турат. Бул санитардык нормалар сакталбаган учурда жугуштуу оорулардын коркунучун кыйла жогорулатат.
Айрыкча термикалык иштетүүдөн (бышыруудан) өтпөгөн соустар жана жаңы тууралган жашылча-жемиштер өтө кооптуу.
Ишкерлердин жоопкерчилиги
Адистер коомдук тамактануучу жайлардын ээлери жана кызматкерлери санитардык эрежелерди так сактоого милдеттүү экенин эскертишти:
- азык-түлүктү сактоонун туура технологиясы;
- этти жана жарым фабрикаттарды жетиштүү деңгээлде бышыруу;
- "Кайчылаш булгануунун" алдын алуу, башкача айтканда, бактериялардын кир кол, кийим, бычак жана такталар аркылуу башка азыктарга өтүшүнө жол бербөө.
Азыктарды жууган жана туураган жер бышыруучу зонадан бөлүнүшү керек. Таза, аккан суунун болушу, идиш-аяктарды жана кызматкерлердин колун жууганга шарт түзүлүшү — милдеттүү талап. Мындан тышкары, тамак ачык жол менен даярдалбашы зарыл. Ашкана айнек же тунук пластик менен тосулуп, даяр тамак атайын терезече аркылуу берилиши керек.
Кардарлар жана официанттар тамак даярдалган жерге эркин кирбеши керек. Кызматкерлердин жеке гигиенасы жана тамак даярдоо технологиясы боюнча базалык билиминин болушу да маанилүү.
Керектөөчүлөр үчүн кеңештер
Тамак-аштан уулануунун алдын алуу үчүн дарыгерлер сатып алуучуларга төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- тез тамактануучу жайдын жалпы санитардык абалына көңүл буруңуз;
- шектүү арзан баага жана өтө чоң порцияларга этияттык менен мамиле кылыңыз;
- суу жок, тазалык сакталбаган жана иретсиз жерлерден тамак сатып албаңыз.
Жалпысынан адистер фастфудду дайыма колдонууну сунушташпайт, анткени анда организмге керектүү витаминдер жана микроэлементтер жок. Тескерисинче, мындай тамактар (өзгөчө фри картошкасы жана куурулган эт) канцерогендерге жана транс-майларга бай. Бул уулануу коркунучун гана эмес, ден соолукка узак мөөнөттүү зыян келтирүү тобокелдигин да жаратат.