Былтыр 136 миңден ашык бөбөк "балага сүйүнчү" төлөмүн алды

Коом 26 февраль 2026 13:20
Былтыр 136 миңден ашык бөбөк "балага сүйүнчү" төлөмүн алды

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. 2025-жылы өлкөдө 136 миң 568 бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгандардын ичинен 36 бала — үч эм жана андан көп төрөлгөндөр.

Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү 4 миң сомду түзөт.

Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөм каралган.

Белгиленгендей, бул төлөмдү эсептөөдө райондук коэффициенттер колдонулбайт.