Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. 2025-жылы прокуратура органдары кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө мыйзамдардын сакталышы боюнча 70тен ашык текшерүү жүргүзүп, 172 мыйзам бузууну аныктаган. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров билдирди.
Маалымат "Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору II окууда каралып жатканда айтылды.
Акназаровдун айтымында, ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарбагандыгы үчүн бир кызмат адамы айып пул түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылган. Мындан тышкары, 84 кызматтык адам тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
Ал белгилегендей, жоопкерчиликке тартылгандардын арасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери бар. Мыйзам бузуулар негизинен жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды тапшырбоо, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү жеке максаттарда колдонуу менен байланыштуу болгон.