Былтыр курулуш аянттарында 10дон ашык кырсык катталды – министрлик

Кырсык Загрузка... 22 Январь 2026 15:05
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.50.10 (7).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев өткөн жылы курулуш аянтчаларында канча кырсык катталганына кызыкты.

Курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу билдиргендей, 2025-жылы курулуштарда 10дон ашык кырсык катталып, анда жумушчулар жеңил жана оор жаракаттарды алышкан.

«Коопсуздук техникасынын журналы бар, биздин орган ай сайын курулуш аянтчаларында окутууларды жана көзөмөлдү жүргүзүп турат. Тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн курулуш компанияларынын жетекчилерин жана биздин кызматкерлерди камакка алуу фактылары болгон. Биз муну кылдат көзөмөлгө алып жатабыз. Учурда ар бир курулушту онлайн камералар аркылуу карап турабыз. Техникалык коопсуздукту бузгандыгы үчүн 6 млн сомдук айып пул салынды», — деп билдирди ал.

Бекешев Ош шаарынын тургунунан кайрылуу келгенин белгиледи. Ал 9 кабаттуу үйдүн курулушунда иш учурунда кулап, майып болуп калган.

«Ал кенемтени (компенсация) жетишсиз өлчөмдө алганына даттанды. Буга ким көзөмөл кылат? Ошондой эле «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таң эрте жолдорду тазалоого чыгып, кырсыктарга учурап жатышат. Бул тажрыйбаны токтотуу керек, жолдорго адамдарды эмес, техникаларды чыгаруу зарыл», — деди депутат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов министрликтин алдындагы Эмгекти коргоо кызматы пландан тышкары текшерүүлөрдү жана арыздар боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

Ал эми Иманакун уулу «Тазалыктын» кызматкерлерин жана башка чарба жумушчуларын жарык берүүчү (светодиоддук) элементтери бар атайын кийимдер менен камсыз кылуу керектигин кошумчалады.