Былтыр абаны булгаган айдоочуларга 3,7 млн сом айып салынган

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 13:38
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.37.07.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. 2025-жылы унаадан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу үчүн 202 протокол түзүлгөн.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, натыйжада айдоочуларга 3,7 млн сомдон ашык айып пул салынган.

Ал эми чарбалык субъекттерди текшерүүнүн жыйынтыгында 9,87 млн сом өлчөмүндө 450 протокол түзүлүп, ошондой эле 3 795 субъектке экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертмелер жөнөтүлгөн.