Тубаса ооруларды эрте аныктоо: Былтыр 84 миң наристе неонаталдык скринингден өттү

Ден соолук Загрузка... 04 Март 2026 12:35
neonatal-screening-720x543.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, тубаса ооруларды эрте аныктоо максатында 84 миңден ашуун жаңы төрөлгөн ымыркай атайын медициналык текшерүүдөн (неонаталдык скрининг) өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 194 миң 682 анализ жүргүзүлүп, анын алкагында төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

  • Тубаса гипотиреоз: 84 миң 216 ымыркай текшерилип, 10 балада оору аныкталды;
  • Адреногениталдык синдром: 60 миң 753 ымыркай текшерилип, 2 учур катталды;
  • Фенилкетонурия: 49 миң 713 бала текшерүүдөн өтүп, 3 учур аныкталды.

Неонаталдык скрининг — бул балада тубаса оорулардын белгилери чыга электе эле аныктоого мүмкүндүк берүүчү эң натыйжалуу ыкма. Эрте диагностика дарылоону өз убагында баштоого, майыптуулуктун алдын алууга жана ымыркайдын ден соолугун жашоосунун алгачкы күндөрүнөн тарта сактоого шарт түзөт.

Адистер белгилегендей, мындай текшерүүлөр тукум куучулук ооруларды эрте аныктап, балага сапаттуу жашоо тартуулоого чоң өбөлгө болот.