Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 53 мамлекеттик органдын жетекчилери тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу маалымат "Ынтымак ордодо" өтүп жаткан президенттин администрациясынын коллегиясында маалымдалды.
Маалым болгондой, 7 кызматкер кызматтан бошотулуп, 46 кызматкерге сөгүш берилген.
Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык, 149 кызматкерге тартиптик чаралар колдонулган. Алсак, 5 кызматкер кызматынан кол жууп, 144 кызматкерге сөгүш берилген.
Ошондой эле мындай көрүнүш азайбагандыктан, мыйзамдарды өзгөртүү, айып пулдар жана сый акыга, карьералык өсүшкө жана иш сапарларга чектөөлөрдү киргизүү каралууда.