Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Былтыр 110,3 млрд сом пенсия төлөөгө багытталды. Бул тууралуу Социалдык фонддун коллегиясында айтылды.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч мурунку жылга караганда 14,9 млрд сомго көп.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 816,6 миң пенсионер бар.
“2025-жылдын 1-oктябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10%га (кеминде 600 сом) жогорулады. 50 миң сомдон жогору пенсия алгандар үчүн кошумча төлөм 5 миң сомду түздү. 2026-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча орточо пенсия 11 миң 238 сом болду”, - деди ал.