Былтыр ооруканаларда дээрлик 1,2 млн адам дарыланган: Кимдерге жеңилдик берилет?

Ден соолук Загрузка... 16 Февраль 2026 16:27
Добавить заголовок, копия (29).png
copyright icon Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстандын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишимдин негизинде иштеген стационарларында 1 млн 165 миң 676 стационардык дарылоо учуру катталган. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Медициналык жардамдын жалпы көлөмүнүн 36 пайызы 18 жашка чейинки балдарга туура келген, бул болжол менен 419 миң ооруканада дарыланууга барабар.

Фонддон түшүндүрүшкөндөй, адам ооруканаларда дарыланган сайын ал өзүнчө бир учур катары эсептелет.

"Башкача айтканда, 1 млн 165 миң 676 саны — бул адамдардын саны эмес, бардык аяктаган дарылоо циклдеринин саны", — деп такташты уюмдан.

Медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары:

6 жашка чейинки балдар:

Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, бул категориядагылар кошумча төлөм төлөөдөн толугу менен бошотулган. Дарылоо, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген дарылар акысыз берилет.

6 жаштан 18 жашка чейинки балдар:

Бул категория үчүн орто деңгээлдеги кошумча төлөм каралган. Сумманын өлчөмү бөлүмдүн профилине (терапиялык же хирургиялык) жана дарылоо-алдын алуу мекемесинин деңгээлине жараша болот.

Пландык госпитализациялоонун тартиби:

  • Катталган жердеги үй-бүлөлүк дарыгерден же педиатрдан жолдомонун болушу.
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүү.
  • Жолдомо жок болгон учурда пландык дарылоо медициналык мекеменин кассасына кошумча төлөмдүн максималдуу тарифи боюнча төлөнөт.

Тез жардам кызматы аркылуу шашылыш госпитализациялоодо жолдомо талап кылынбайт, жардам токтоосуз көрсөтүлөт.