Быйыл ЖРТнын орточо көрсөткүчү 121,8 упайды түздү - Батракеева

Билим Загрузка... 25 Июнь 2025 17:50
WhatsApp Image 2025-06-25 at 13.02.14.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо көрсөткүчү 121,8 упайды түздү. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал эми бүтүрүүчүлөрдүн 67,3 пайызы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллдан өттү.

“Бул жыл сайын Агартуу министрлиги тарабынан аныкталуучу көрсөткүч. Өткөн жылы босого баллдан өткөн бүтүрүүчүлөр 68,4 пайызды түзгөн. Жалпысынан алганда акыркы жылдары бул көрсөткүч жогорулап бара жатат. Бул дагы болсо адамдардын билим берүүгө болгон мамилесинин оң өңүткө карай өзгөрүшүнөн кабар берет”,-деди ал.