Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 16-23-май күндөрү өтөт. Учурда 17-февралдан 2-апрелге чейин каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Анда ал быйылкы жылы ЖРТга киргизилген жаңы өзгөчөлүктөргө токтолуп, каттоо тууралуу маалымат берди.
“Биринчи өзгөчөлүк - быйылкы жылдан тарта абитуриенттерге орто кесиптик билим берүү мекемелерине гранттык жана контракттык негизде тапшырууда ЖРТ тапшыруу милдеттендирилди. Андан сырткары, тестке катталууда дагы өзгөчөлүктөр бар. 2021-жылдан тарта катталуу онлайн жүргүзүлүп келет. Бирок, окуучу ал каттоого мугалим берген атайын логин жана пароль менен кирчү. Мындан ары аларга Е-күндөлүк платформасы аркылуу катталуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Ал эми мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү мурун районго же шаардык билим берүү бөлүмүнө барышса, учурда борбордун сайтындагы “Түндүк” системасы аркылуу идентификациядан өтүү менен каттала алышат. Бул маалыматтар боюнча толук нускамалар биздин сайтка жайгаштырылды. Ошондой эле айрым абитуриенттер кире албай калбасын деп, мурунку катталуу режими дагы калтырылды.
Үчүнчү өзгөчөлүк, ЖРТдан өтүү үчүн негизги жана предметтик тесттер үчүн 470 сом суммасындагы баа бекитилген. Ал өзгөрүүсүз калтырылды. 2024-жылы мыйзамга ылайык, мамлекеттик тил боюнча тест киргизилип, баасы 200 сом деп бекитилген. Быйылкы жылдан тарта инфляцияны эске алуу менен аталган тест дагы 470 сом болуп өзгөрдү. Андан сырткары, бул төлөмдөрдү төлөө айрым гана тиркемелерден мүмкүн болсо, эми аны бирдиктүү QR коду менен бардык электрондук капчыктар аркылуу төлөөгө болот”,-деди ал.
Каттоодон өтүү үчүн төмөндөгүлөр талап кылынат:
- абитуриентте паспорттун түп нускасы болуш керек;
- талаптарга жооп берген түстүү сүрөтүн жүктөш керек;
- бирдиктүү QR кодун колдонуу менен ЖРТга каттоо акысын төлөш керек;
- мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрүндө орто билими тууралуу аттестат/диплому болушу керек.
Батракеева кошумчалагандай, ЖРТга кирүүдө абитуриенттин жанында паспортунун түп нускасы болушу шарт.
“Түндүк” тиркемесиндеги паспорт эмес, түп нускасы дегенибиздин себеби, ал учурда уюлдук телефондор алынат”-деп түшүндүрдү ал.