Быйыл Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолунун 34 чакырымы асфальтталат

Аймак 1443 29 Апрель 2025 12:37
FB_IMG_1745908273673.jpg
FB_IMG_1745908276144.jpg
FB_IMG_1745908277878.jpg
FB_IMG_1745908279778.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1745908273673.jpg
FB_IMG_1745908276144.jpg
FB_IMG_1745908277878.jpg
FB_IMG_1745908279778.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна жумушчу сапары менен барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жумушчу сапарынын алкагында министр Өзгөн – Мырза-Аке – Кар-Кулжа жолундагы курулуш иштеринен кабар алды.

Быйыл аталган жолдун 34 чакырымына капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөө пландалууда.

Жеринде подрядчы компаниянын өкүлдөрү менен жолуккан министр Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу жана сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган автожолдо графикке ылайык иштер кызуу жүрүп жатат.