Быйыл Ысык-Көлдө 27 соцобъектини пайдаланууга берүү пландалууда

Аймак Загрузка... 01 Июль 2025 17:00
506072734_1219475009651546_8574024734424511360_n.jpg
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек 01.07.25 /Кабар/. Быйыл Ысык-Көл облусу боюнча 27 социалдык объектини пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда облустун аймагында жалпы 43 социалдык объектте курулуш иштери жүргүзүлүп, дагы 11 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Ошондой эле 6 айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштери аткарылууда.

Белгиленгендей, аталган курулуштардын бардыгы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.