Быйыл Талас облусунда 220 чакырым жол оңдолот

Аймак Загрузка... 30 Март 2026 15:55
684691646471235_big.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Талас облусунда быйылкы жылы жалпысынан 220 чакырым жол жасалат.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда 61 чакырым жолду курууга каражат бөлүнүп, иш башталды.

Белгиленгендей, 220 чакырым жолдун 61 чакырымы титулдук тизме боюнча, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча курулуп жана оңдолот.

31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата жол куруу жана оңдоо иштеринин 70–80%ын бүтүрүү мерчемделүүдө.