Талас облусунун райондорунда энергетика тармагы реконструкцияланат

Аймак Загрузка... 12 Март 2026 09:46
2.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Быйыл Талас облусунда 1158 даана темир-бетон мамысын орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Электр энергиясынын сапатын жогорулатуу максатында, алмаштыруу иштерин Талас электр тармактар ишканасы март айынан ноябрь айына чейин жүргүзөт. 0,4-10 кВ аба чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо алкагында мамылар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Айтматов району — 316 даана;
  • Талас району — 302 даана;
  • Бакай-Ата району — 257 даана;
  • Манас району — 228 даана;
  • Талас шаары — 55 даана.

Бул иш-чаралар аймактагы электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырып, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга багытталган.