Быйыл пенсия алуучулардын саны 28,5 миң адамга көбөйдү

Коом Загрузка... 20 Май 2025 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл пенсия алуучулардын жалпы саны 28,5 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат кабминдин 4 айдагы иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде айтылды.

Маалымдалгандай, 2025-жылдын 1-майына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 807 миң 800 адамды түздү.

Белгиленгендей, 2025-жылдын январь-апрель айларында пенсияларды төлөөгө 34,4 млрд сом каражат багытталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу пенсиялык төлөмдөрдү каржылоо 5,6 млрд сомго көбөйдү.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 308,3 миң адамды түздү. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө бюджеттен жалпысынан 4,5 млрд сом бөлүндүгү кеңешмеде белгиленди.

Анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна 1,1 млрд, социалдык жөлөкпулга 2,9 млрд, ал эми “балага сүйүнчү” жөлөкпулуна 179 млн сом каражат бөлүнгөн.