Быйыл орто кесиптик билим берүү мекемелери үчүн дагы ЖРТ талап кылынат

Билим Загрузка... 19 Февраль 2026 12:55
WhatsApp Image 2026-02-19 at 12.50.39.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Быйыл орто кесиптик билим берүү мекемелерине гранттык жана контракттык негизде тапшыруучулардан дагы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүү талап кылынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

ЖРТдагы бул өзгөчөлүк тууралуу Илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Динара Бекташева түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, 2023-жылы билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген.

“Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, 11-класстар гана орто кесиптик билим берүү мекемелерине тапшырууда жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшү керек. 9-класстарга тиешеси жок”,-деди ал.

Белгилей кетсек, учурда ЖРТга катталуу жүрүүдө. Ал 17-февралда башталган. Акыркы мөөнөтү 2-апрель деп белгиленген. Ал эми тестирлөөнүн өзү 16-23-май күндөрү өтөт.