Быйыл ноябрда өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт

Коом Загрузка... 04 Апрель 2025 12:33
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Быйыл 1-ноябрдан 20-ноябрга чейин өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин 2024-жылдын март айындагы токтомуна ылайык, өткөн жылы 18-ноябрдан 7-декабрга чейин, пилоттук негизде төрт айыл өкмөтү каттоодон өткөн.

“Быйыл болсо бул долбоорду өлкөнүн ар бир аймагында ишке ашырганы турабыз. Каттоонун негизги максаты - эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу. Министрлер кабинети айыл чарбаны каттоону өткөрүүгө 277 млн сом бөлүп берди. Анын 90%ы кызматкерлердин маянасына жана социалдык фонд төлөмдөрүнө сарпталат. Каттоо иштерине 6 миң 792 адам кызматкер тартылат. Алардын ар бири окутуудан өтүп, күбөлүк жана комитеттин программасынын алкагында атайын QR код менен даярдалган бейджик берилет. Бул каттоонун кызматкерлерин шылуундардан айырмалоого көмөк көрсөтөт ”,-деди ал.

Ал белгилегендей айыл чарбасын каттоо 10 жылда бир өткөрүлүп турушу абзел.

“Бирок, өлкөдө айыл чарбасын каттоо 22 жылдан бери өтө элек. Соңку каттоо 2003-жылы өтүптүр. Өткөрүүгө бир топ эле жолу аракет кылып келишкен. Бирок, каражаттын жоктогунан өткөргөнгө мүмкүн болбой келген. Бюджеттен каражат эми бөлүнүп жатат. Айыл чарбаны каттоо өлкөдө айыл чарбадагы бардык көйгөйдү чечүүдө жакшы жардам берет”,-деди ал.