Быйыл Кочкор жана Нарында эң көп трансформатор алмаштырылат

Аймак Загрузка... 04 Февраль 2026 09:07
1.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Быйыл Нарын облусунда 21 трансформатор алмаштырылып, кошумча 6 даана орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү аймактардагы 21 трансформаторду алмаштыруу пландалууда:

  • Ак-Талаа району - 1;
  • Ат-Башы району - 3;
  • Кочкор району - 7;
  • Нарын району - 7;
  • Тогуз-Торо районунда - 3.

Ал эми кошумча 6 даана трансформатор төмөнку райондордо орнотулат:

  • Ат-Башы районуна - 1;
  • Жумгал районуна - 2;
  • Нарын районуна - 3.

Мындан тышкары, 2105 трансформатор капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.

Эске салсак, 2025-жылы облус боюнча жалпы 83 даана трансформатор алмаштырылып жана кошумча орнотулду. Анын ичинде:

  • 10/0,4 кВ кубаттуулуктагы 61 даана трансформатор алмаштырылды;
  • 10/0,4 кВ кубаттуулуктагы 22 даана трансформатор кошумча орнотулду.