Быйыл Нарын облусунда 100 чакырым жол асфальтталат

Аймак 1 апрель 2026 12:55
Быйыл Нарын облусунда 100 чакырым жол асфальтталат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Нарын облусунда быйыл 100 чакырым жол асфальтталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди.

Ал анда быйыл Нарын — Баетов унаа жолунун абалына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиледи.

"Март айында атайын комиссия түзүлүп, жол тилкеси текшерилди. Азыр курулуш сезонуна даярдык көрүлүүдө. Бул унаа жолундагы иштерди быйыл аяктоо пландалууда", — деди ал.