Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Быйыл мектеп окуучуларынын китептерин басып чыгарууга мамлекет 744 млн сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берди. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин мамлекет жылына 100 млн сомго жакын гана каражат бөлүп, бир же эки китептин нускасы чыгарылып келген.
“Азыркы учурда 3-4-5-6-7-8-9-класстардын англис тили китептери чыгып, мектептерге жеткирилди. 1-2-5-7-класстардын математика жана табигый илимдер сабагынан китептер басып чыгарылууда. Бөлүнгөн каражатка чыккан китептер жакынкы убакытта мектептерге жетет. Бул иштерди биринчи кадам деп атасак болот”,- деди Аматов.
Ал эми кийинки жылга 3-4-6-7-8-9-класстардын, андан аркы жылга 10-11-12-класстардын китептерин басып чыгаруу пландалып жатканын "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин директору белгиледи.
“Ошентип биз мектерди китептер менен толук камсыздап беребиз. Буга чейин китеп чыгаруунун негизги планы жок болуп, ар кандай басылып келген. Азыр этап-этабы менен китептер линия болуп чыгат. Бир автор, бир автордук жамаат менен китептер даярдалууда. Мисалы, мурунку эки китепти салыштырсак 7-класс менен 8-класстын китептерин экөө бири-бирин улап кетчү эмес, азыркы китептердин мазмунунда байланыш бар”,- деди ал.
Ошондой эле өлкөдөгү китеп жетишсиздиги маселеси быйыл же былтыр эле чыга калган эмес, жылдап топтолуп келген көйгөй экенин кошумчалды.