Малды жасалма уруктандырууга быйыл 60 млн сом бөлүндү

Коом Загрузка... 18 Июнь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-06-18 at 09.51.14.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Быйыл өлкөдө малды жасалма уруктандыруу үчүн биринчи жолу 60 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Мал чарба ветеринария жана жайыт боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамбетова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, асыл тукум малды көбөйтүүнүн эң жөнөкөй жолу – жасалма уруктандыруу. Жасалма уруктандыруу малдын генетикалык потенциалын, эт азыктарынын сапатын жакшыртууга жана оорулардын таралуу коркунучун азайтууга багытталган негизги технологиялардын бири болуп саналат.

“Бул каражатка жогорку сапаттуу элита классындагы 270 миң доза урук сатып алуу жана 3 жыл ичинде 180-200 миң уйду жасалма жол менен акысыз уруктандыруу иштери жүргүзүлөт. Россиянын көзөмөлүнөн өткөн букаларынын уруктары алып келинет. Мындан сырткары, Швейцариядан жана өзүбүздүн өлкөдө өндүрүлгөн уруктар сатып алынат”,-деди ал.

Мамбетова белгилегендей, мындан сырткары жасалма уруктандырууну жасоо үчүн атайын дагы кошумча адистер окуудан өткөрүлөт.

“Иштегибиз келет, үйрөнөбүз деген ветеринарларды окутууга даярбыз”,-деди ал.