Быйыл өлкөдөгү жолдор кайсы каражаттардын эсебинен салынды?

Экономика Загрузка... 22 Декабрь 2025 11:11
WhatsApp Image 2025-12-22 at 11.02.28.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда жол салууга 54 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жыл башында республикалык бюджеттен 13 млрд сом каралган. Кийинчерээк бул сумма 54 млрд сомго чейин көбөйтүлгөн.

“Президенттин Турукташтыруу фондунан 14 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары Жол фондунан 11 млрд сом чогултулса, калган бөлүгү капиталдык салымдар беренеси аркылуу камсыздалган. Мына ушул үч каржы булактары аркылуу быйыл ири көлөмдөгү жол курулуш иштери жүзөгө ашырылды”,-деди ал.