Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүчү парк түзүлөт

Экономика
Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүчү парк түзүлөт
copyright icon WWW

Бишкек, 09.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүнү бириктирген интеграцияланган агрардык-азык-түлүк парк түзүү долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого 371 миң доллар бөлүнөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоорду каржылоо боюнча үч тараптуу келишимге аталган министрлик, Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) жана БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) кол коюшту.

Бөлүнгөн каражат долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого, агрардык-азык-түлүк паркын өнүктүрүүнүн оптималдуу моделин аныктоого жана инвестиция тартуу стратегиясын иштеп чыгууга жумшалат.

Долбоордун алкагында айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү процесстерин бириктирген бирдиктүү аянтча түзүү каралууда. Мында продукциянын сапатын сактоого жана аны өндүрүүчүдөн акыркы керектөөчүгө жеткирүүгө чейинки жеткирүү чынжырын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Демилге кошумча наркы жогору продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Эске салсак, ЕӨБ, ЮНИДО жана министрликтин бул багыттагы кызматташтыгы 2026-жылдын июнь айында Алматы шаарында банктын жылдык жыйынынын алкагында кол коюлган биргелешкен декларациянын негизинде уланууда. Анда тараптар агрардык-азык-түлүк парк долбоорунан тышкары, ЮНИДОнун 2025-2029-жылдарга карата өлкөлүк өнөктөштүк программасынын алкагында Кыргызстандагы башка биргелешкен демилгелерди да өнүктүрүүгө макулдашкан.