Мал чарбанын тоют базасы. Министрлик бузулган жайыттарды калыбына келтирет

Экология Загрузка... 23 Май 2025 16:00
WhatsApp_Image_2025_qLAqKdB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Азия токой кызматташтыгы уюму (AFOCO) менен КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ортосундагы кызматташуунун алкагында Кыргызстандагы жайыттарды калыбына келтирүүгө 3,5 миллиард сом бөлөт деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Акыркы жылдары киреше табууну гана көздөгөн фермер малчылар жайыттарды эс алдырбай колдонуп, көп жерди чөпсүз калтырышкан. Бул тармакта мындай баш-аламандык улана берсе, өлкөдө жайыт калбай калат. Мындай акыбалга жетирбеш үчүн бузулган жайыттарды жакшыртууга «Аймактык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун алкагында 23 айыл өкмөтүнө жалпы суммасы 75,6 млн.сомдук гранттар каралган. Анда ар бир айылга 3 миллион сомдон бөлүнүп, каражат мал чарбачылыгы үчүн гана жумшалат.

Департамент белгилегендей, малдардын санынын өсүшү жана продуктуулугу түздөн-түз туура тоюттандыруудан көз каранды. Натыйжалуу чара катары витаминдерге бай силос жана сенаж сыяктуу сиңимдүү тоюттарды колдонууну кайра баштоо сунушталууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, тоют базасын жана мал багуу үчүн шарттарды жакшыртуу сүттү, эт азыктарынын көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого шарт түзөт.

Жайыттар боюнча учурдагы абалды эксперт Бактыбек Саипбаев кейиштүү деп сыпаттады.

«Азыр бизде жайыттардын абалы жакшы эмес, мунун баары адамдын ойлонбогон аракетинин жана чарбасыздыктын натыйжасы. Малды туура эмес багуу, жайыттарга жырткычтай мамиле жасоо, ошондой эле бак-дарактарды кыюу. Албетте, мунун баары бизге кыйынчылык жаратты. Ошол эле учурда аны чечүү үчүн илимге таяныш керек, анткени экосистемадагы туруктуулукту айрым чөптөрдү же кээ бир өсүмдүктөрдү себүү менен гана чечүү мүмкүн эмес.

Ар бир учурда, ар кайсы аймактарда жайыттарды колдонулганынан баштап, климаттык өзгөчөлүктөргө чейин көптөгөн факторлорду эске алуу зарыл. Мисалы, бир аймакта айрым өсүмдүктөр тез өсүп кетсе, башка жерде ал тамыр да албашы мүмкүн. Жайыттарды сактоо маселерге жакшы көнүл бурулуп жаткандыгы абдан туура, бирок алдын-ала бардык нерселер эске алынып, жакшылап ойлонуп ишке ашырыш керек», - деп белгилейт Саипбаев.