Быйыл өлкөдө 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт

Экономика 2197 29 Март 2025 10:10
5f03607d-d5fa-49e3-b7ee-cfec35566061.jpeg
4a2028c0-7007-43a6-a15d-117351ca2ca5.jpeg
4856fe2a-bf97-487f-a0c5-d46de5a6bcbe.jpeg
ea2fb00f-031d-4720-b90d-1981d2effd48.jpeg
3220d0a5-cb72-4d64-a8e8-299b750c8453.jpeg
Алдыга
Артка
5f03607d-d5fa-49e3-b7ee-cfec35566061.jpeg
4a2028c0-7007-43a6-a15d-117351ca2ca5.jpeg
4856fe2a-bf97-487f-a0c5-d46de5a6bcbe.jpeg
ea2fb00f-031d-4720-b90d-1981d2effd48.jpeg
3220d0a5-cb72-4d64-a8e8-299b750c8453.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Быйыл өлкөдө 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башчысы Арсланбек Базиев билдирди.

Белгиленгендей, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарган-38, энергетика тармагында - 24, тамак-аш өнөр жайында - 21, тоо-кен өнөр жайын тармагында -15, жеңил өнөр жай тармагында -9 ишкана ачылат.

Мындан сырткары, унаа куруу, фармацевтика жана башка тармактарда өнөр жай обьектилери иштеп баштайт.

“Облустарга бөлүп карай турган болсок:Чүй облусунда- 32, Ош облусунда-22, Ысык-Көл облусунда-19, Нарын облусунда-17,Баткен облусунда-14, Жалал-Абад облусунда- 13, Талас облусунда-3, Бишкек шаарында-12, Ош шаарында-8 ишкана ачылат. Жалпы инвестициянын көлөмү 1 млрд 700 млн долларды түзөт. Анын ичинен 60%ы ички инвестициялар, ал эми 40%ы тышкы инвестициялар болот”,-деди ал.

Эске салсак, ишканалардын ачылышынын натыйжасында өнөр жай тармагынын өсүшү 7 пайыздын тегерегинде болору күтүлүүдө.

“Ал эми ички дүң продуктун өсүшү 9-10%га көтөрүлөт”,-деди ал.