Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Быйыл өлкө боюнча болжол менен 170 миң бала 1-класска барат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, 1-класска баруучу балдардын акыркы саны электрондук каттоодон өткөндөн кийин аныкталат.
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаеванын айтымында, борбор калаада болжол менен 25 миң бала 1-класска барат деп күтүлүүдө. Былтыр бул көрсөткүч 18 миңди түзгөн.