Быйыл 5 615 ипотекалык батирдин курулушунун аякташы күтүлүүдө

Коом 20 май 2025 12:52
470209151_8963707537009176_6437813715172788248_n.jpg
WhatsApp Image 2025-05-20 at 09.31.38.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-20 at 09.31.23.jpeg
Алдыга
Артка
470209151_8963707537009176_6437813715172788248_n.jpg
WhatsApp Image 2025-05-20 at 09.31.38.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-20 at 09.31.23.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. 2025-жылга карата республика боюнча 5 миң 615 батирдин курулушу аякташы күтүлүүдө. Бул тууралуу минкабдын жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде маалымдалды.

Анын ичинде Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда эң көп сандагы батирлер берилмекчи.

- Бишкек шаарында - 2 913 батир;

- Жалал-Абад облусунда - 1 530 батир;

- Нарын облусунда - 433 батир;

- Талас облусунда - 319 батир;

- Ысык-Көл облусунда - 420 батир.

Кенешмеде айтылгандай, азыркы учурда 50 миңден ашуун жаран кезекке туруп, турак жай алууну күтүп жатат. Ошондой эле 2025-жылы мамлекеттик бюджеттен турак жай курулушун каржылоо үчүн 40 млрд сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, үлүштүк курулуш механизми аркылуу 6,8 млрд сом тартылып, бул каражаттар дагы турак жай курулушун каржылоого багытталган.

Ошондой эле Сауд өнүктүрүү фондунун 100 млн доллары жана Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар курулуш иштерин каржылоого багытталгандыгы айтылды.

Эскерте кетсек, азыркы тапта өлкө боюнча жалпы аянты болжол менен 4 млн чарчы метрди түзгөн 61 миң 827 батирдин курулушу жүрүп жатат.