Быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миң 348 бүтүрүүчү аяктоодо

Билим Загрузка... 26 Май 2025 17:17
WhatsApp Image 2025-05-26 at 17.00.56 (1).jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миң 348 окуучу бүтүрүүдө. Ал эми 9-классты 135 миң 681 окуучу аяктап жатат.

Эми бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүлөт.

Экзамендер 2-июндан 17-июнга чейин болот.

Белгилей кетсек, бүгүн бардык мектептерде акыркы коңгуроо кагылды.