Быйыл Кыргызстанда 1-класска гана балдар кабыл алынат

Билим Загрузка... 27 Март 2026 12:30
WhatsApp Image 2026-03-27 at 12.25.31.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Быйыл 1-класска гана балдар кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта "Кабар" агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасын трансформациялоо боюнча өткөн жылы 1-2-класска кабыл алынган.

"12 жылдык окууга карата былтыркы окуу жылда бир жолу гана балдар 1-2-класска кабыл алынган. Быйыл андай муктаждык жок. Мурдагыдай эле балдарды 1-класска эле кабыл алабыз", - деди ал.

Надира Жусупбекова белгилегендей, электрондук каттоо эки этап менен өтөт.

Ата-энелер балдарын 1mektep.edu.gov.kg сайты, "Түндүк" жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу аралыктан каттай алат.

"Биринчи этап 1-апрелде саат 10:00дө башталат. Бул этап 1-июнда аяктайт. Ал эми 1-июнда саат 10:00дө экинчи этап башталып, август айынын аягында жыйынтыкталат", - деди министрдин орун басары.