Быйыл Кыргызстан 7 млн окуу китебин чыгарууну пландап жатат

Билим 03 Июнь 2026 15:35
1.webp
WhatsApp_Image_4US2vnW.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_12Xi4s7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2026-06-03_at_14.27.06.width-800.jpg
WhatsApp_Image_KPFkcqc.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_meiHKVh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_peNa3FP.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_RfzLtKt.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бул жылы Кыргызстанда 7 млн окуу китебин чыгаруу пландалууда, бүгүнкү күндө анын ичинен 3 миллионго жакыны даярдалды. Бул тууралуу "Учкун" ААКтын башкы директору Бакытбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы 3,5 млн окуу китеби жарык көргөн.

"Өткөн жылы ишкана 1-класс үчүн окуу китептерин басып чыгара баштаган жана учурда 6-класска чейин жетти. Биринчи жана экинчи бөлүктөрдөгү окуу китептеринин жалпы тиражы 172 миң нусканы түзөт, бул жеке менчик мектептерди да, мамлекеттик мектептерди да камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - деди Султанов.
WhatsApp_Image_2026-06-03_at_14.27.06.width-800.jpg

Ал белгилегендей, бул жылы 9-класска чейинки окуучуларды китеп менен камсыздоо пландалууда, андан кийин бул багыттагы иштер дагы улантылат.

Белгиленгендей, басмаканада немец жабдыктары колдонулат, анын жардамы менен күнүнө 40 миңге жакын китеп чыгарылып жатат, бул өндүрүштүк пландарды өз убагында аткарууга шарт түзүүдө.

Башкы директор эски окуу китептери мындан ары басылбай турганын, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында китептердин жаңы топтому гана чыгарылып жатканын баса белгиледи.