Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Быйыл жарандарга көп сандагы ипотекалык үйлөр тапшырылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылы Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абадда жана Бишкек, Ош шаарларында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык үйлөрдүн ачкычы өз ээлерине берилет.
“Ысык-Көл облусунун Каракол, Чолпон-Ата шаарларында, андан соң Токмок шаарында, Кеминде ипотекалык батирлер берилет. Ошондой эле Сокулук, Кара-Балтада да үйлөр тапшырылат. Мындан тышкары, Ош жана Бишкек шаарларында, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында да батирлер жарандарга берилет”, - деди Каныбек Туманбаев.