Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы жалпы билим берүү мектебинин диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын мугалими Меруэт Бакирова “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын башкы сыйлыгына ээ болду. Башкы байге катары ага Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.
Меруэт Бакированын айтымында, сынактын райондук этабында катышуучулар электрондук портфолио даярдап, башка мектепте башка окуучуларга сабак өтүшү керек болгон. Ал электрондук портфолио даярдоо көп убакытты жана чыдамкайлыкты талап кылганын белгиледи.
Жыйынтыгында Меруэт Бакирова биринчи орунду ээлеген.
Анын айтымында, андан кийин үч этаптан турган облустук тур өткөн. Биринчи этапта тест тапшырылса, экинчи этапта мугалимдер 20 мүнөттүн ичинде өзүнүн окутуу усулун көрсөтүп, мастер-класс өткөрүшкөн. Үчүнчү этапта педагогдор мурда тааныш эмес окуучуларга сабак өтүшкөн. Меруэт Бакирова сабагын Каракол шаарында өткөргөн.
“Сезимдеримди сөз менен айтып жеткире албайм. Түш көргөндөй болуп жатам. Абдан бактылуумун жана кубанычтамын, анткени бул менин үй-бүлөмдүн кыялы болчу. Балдарым чоңоюп келе жатат. Башкы байге мен үчүн күтүүсүз болду. Жыйынтыкты укканда абдан сүйүндүм”, — деди ал.
Меруэт Бакирова диндердин өнүгүү тарыхы сабагынан тышкары тарых жана адам жана коом сабагын дагы окутат.
Алгач юридикалык кесипке ээ болуп, юрист болуп иштеген. Кийин кайра даярдыктан өтүп, магистратураны аяктаган.
Меруэт Бакированын педагогикалык эмгек стажы 12 жылды түзөт. Анын үч баласы бар, улуу баласы 8-класста окуйт.