Быйыл китеп чыгарууга 856 млн сомдон ашык каражат бөлүндү

Билим Загрузка... 22 Декабрь 2025 17:17
WhatsApp Image 2025-12-22 at 17.10.40.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. 2025-жылы окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга мамлекет тарабынан 856 548 703 сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди.

Маалыматка ылайык, быйыл окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу көлөмү акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Тактап айтканда, 2025-жылы 4 084 870 даана окуу-методикалык комплект жарык көрүп, бул акыркы 8 жыл ичинде чыгарылган жалпы көлөмдөн 9,1%га көптү түздү. Ал эми 2017–2024-жылдар аралыгында жалпы 3 742 461 даана окуу китеби басылып чыккан.