Быйыл энергетика тармагына 136 атайын техника сатып алынды

Коом Загрузка... 31 Октябрь 2025 18:23
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын 9 айында энергетика тармагына өздүк каражаттын эсебинен 136 даана атайын техника сатып алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин коллегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, “Кыргызкөмүр” ишканасына - 29 техника, “Чакан ГЭС” ишканасына - 5 жеңил автоунаа, “КУЭТ” ААК - 91 даана атайын техника, "Электр станциялар" ишканасына 9 атайын техника жана 2 кызматтык жол тандабас сатып алынды.