Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасы облустагы жабдууларды оңдоп-түзөө иштерин баштады.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, быйыл оңдоп-түзөө иштеринин алкагында облус боюнча 76 чакырым эскилиги жеткен аба чубалгысын жаңы изоляцияланган СИП-2 аба чубалгысына алмаштырылат. Андан тышкары 1675 даана жыгач мамыларын темир бетон мамыларына которуу иштери жүрөт.
Изоляцияланган СИП-2 аба чубалгылары тартыла турган райондор:
Ысык-Ата районуна – 14,5 чакырым;
Аламүдүн районуна – 14,3 чакырым;
Москва районуна - 13,9 чакырым;
Панфилов районуна - 12,4 чакырым;
Сокулук районуна – 8,1 чакырым;
Чүй районуна – 8 чакырым;
Кемин районуна – 5,7 чакырым.
Темир бетон тирөөчтөр орнотула турган райондор:
Москва району - 340 даана;
Ысык-Ата району - 316 даана;
Панфилов району - 292 даана;
Кемин району - 252 даана;
Аламүдүн району - 197 даана;
Сокулук району - 187 даана;
Чүй району - 91 даана.
Маалымат үчүн: Чүй электр тармактар ишканасы облус боюнча 300 359 кардарды тейлейт. Анын ичинен өндүрүштүк кардарлардын саны - 16 640, турмуш тиричилик кардарлардын саны – 283 719.
Белгилей кетсек, СИП - аба чубалгылары терс табигый факторлорго туруктуу келет. Катуу шамалда электр энергиясынын кыска туташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна, муздун тоңуп калышына азыраак дуушар болот.
Оңдоо иштеринин графиги Чүй электр тармактар ишканасынын www.chupes.nesk.kg/ru/ расмий сайтындажана “Мой свет” тиркемесинде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыз болот: 1209, 105, 0772-001209, 0702-001209, 0556-001209.