Быйыл борбор калаада майда көмүрдү сатууга тыюу салынат – министр

Экономика Загрузка... 12 Июнь 2025 16:17
WhatsApp Image 2025-06-12 at 12.35.28.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Быйыл борбор каалада майда көмүрдү сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

Министрдин айтымында, бул иш-аракеттер кааланын абасын ыштан сактоо максатында ишке ашырылат. Себеби, бүгүнкү күндө майда көмүрдү ташуу жана аны иштетүү абанын сапатына олуттуу кесирин тийгизип жатат.

"Акырындык менен мындай чектөөлөр менен иш алып барбасак, шаардын абасынын сапаты таптакыр оңолбойт. Буга шаардын ар бир тургуну жоопкерчилик менен кароосу керек. Бул абанын сапатын жакшыртуудагы багыттардын бири гана",-деди министр.