Быйыл Бишкектин түндүк айланма жолунун 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Коом 1018 19 Февраль 2025 17:30
WhatsApp Image 2025-02-19 at 17.22.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-19 at 17.22.13.jpeg
480478253_940168354958578_1896337178359114567_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-19 at 17.22.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-19 at 17.22.13.jpeg
480478253_940168354958578_1896337178359114567_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан жер иштери жүрүп жатат.

Жолду реконструкциялоо менен кеңейтүү иштеринин алкагында Транспорт министрлиги жана муниципалитет тарабынан жол жээгинде жайгашкан курулуштарды бузуп, тазалоо иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Долбоордо эки деңгээлдүү 6 жол түйүнү (двухуровневая развязка) каралган.

Ал эми 2025-жылы анын 15 чакырымын асфальттоо пландалып жатат. Тактап айтканда, быйыл Алматы - Бишкек - Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат.